Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасынын Буниа шаарында Эбола вирусуна каршы ”Эрвебо” вакцинасынын сыноосу башталды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Алгачкы эмдөө эпидемиянын очогунда иштеген ыктыярчыларга жүргүзүлдү.
Сыноонун алкагында 9-12 ай аралыгында 20 миң ыктыярчыны эмдөө пландалууда. Негизги максат — азыркы эпидемияны жаратып жаткан бундибугио штаммына каршы вакцинанын коргоочу натыйжалуулугун аныктоо.
Буга чейин ”Эрвебо“ вакцинасынын Эболанын заир штаммына каршы натыйжалуулугу тастыкталган. Бирок бундибугио штаммына карата анын натыйжалуулугу азырынча аныктала элек.