Конгодо Эбола илдетине чалдыккандардын саны 1,7 миңден ашты

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2026 09:05
WhatsApp Image 2026-07-09 at 05.59.29.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Конгодо Эбола вирусун жуктуруп алгандардын лабораториялык жактан тастыкталган саны 1 708 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Байланыш жана маалымат каражаттары министрлигине таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, илдеттен 580 адам каза болуп, өлүм көрсөткүчү 33,9 пайызды түздү.

Учурда ооруканаларда жана атайын медициналык обсервацияларда 680 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Ал эми 280 адам толук айыгып чыккан. Мындан тышкары, ооругандар менен байланышта болгон адамдарды көзөмөлдөө көрсөткүчү 75,2 пайызга жеткени маалымдалды.

Эскерте кетсек, Эбола илдети 15-майда Конгонун чыгыш аймагында жана Угандада катталган. Оорунун негизги очогу Конгонун Итури провинциясында жайгашкан.