Бишкек 28.07.25 /Кабар/. Демократиялык Конго өлкөсүндө куралчан топ католик чиркөөсүнө кол салып, 34 адам каза болду. Бул тууралуу Asocciated Press агенттигине таянып, РБК билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясындагы Команда айылында болгон. Кол салгандар түнкүсүн чиркөөгө түнөгөн христиандарды өлтүрүшкөн. Ошондой эле айрым үйлөр менен дүкөндөр өрттөлгөн.
Кол салгандар “Ислам мамлекети” (ИГИЛ) деп аталган экстремисттик уюмга байланышы бар экени айтылууда.