Конгодо 50дөн ашуун киши белгисиз оорудан каза болду

Дүйнө Загрузка... 25 Февраль 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-02-25 at 06.08.12.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасында 50дөн ашуун киши белгисиз оорудан каза болду.

РИА Новости маалымдагандай, Басанкусу шаарында белгисиз илдет жайылууда. 943төн ашуун учур февраль айынын башында катталып, 52 адам көз жумду.

Белгисиз оорунун алгачкы учуру 9-февралда аныкталган. Илдетти жугузган адамдарда дене табынын жогорулашы, баштын, муундардын оорусу жана башка белгилер байкалууда. Экспресс-тесттердин 55%ы малярияга оң жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Муну менен Эбола вирусуна шектенүүлөр жокко чыгарылды.