Конго дарыясында эки кеме кагылышып, 30 адам каза болду

Дүйнө 6 октябрь 2026 11:15
Конго дарыясында эки кеме кагылышып, 30 адам каза болду
copyright icon www

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасында Конго дарыясында эки кеме кагылышып, кеминде 30 адам каза болду. Дагы ондогон адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Kazinform жазды.

Маалыматка караганда, каза болгондордон тышкары дагы ондогон адам дайынсыз жоголгон. 57 адамды куткарууга мүмкүн болгон. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Кемелердин кагылышуусу Конго дарыясында болгон. Алардын бири Бусинга шаарынан өлкөнүн борбору Киншасага багыт алган болсо, экинчиси Киншасадан Луколелуга бара жаткан.

Кемелердин биринде 163 адам болгон. Экинчи кемедеги жүргүнчүлөрдүн саны боюнча маалымат түшө элек.

Учурда кырсыктын себептери аныктала элек.