Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жыйында УКМКнын төрагасы кызматына талапкерликти жактырды.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев Шабданбековдун өмүр баянын окуп берди.
"Шабданбеков Жумгалбек Кумарович 1970-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 1991-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин аяктаган, 2022-жылдан бери генерал-майор чини бар. Университетти аяктагандан кийин ишин Талас салык инспекциясы башкармалыгында улук инспектор болуп баштаган. 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин УКМК, Мамлекеттик күзөт кызматында, Антитеррордук борбор, контрчалгындоо, Р-башкармалыгы, Коррупцияга каршы кызматынын жооптуу кызматтарында иштеген, ошондой эле 9-кызматтын жетекчиси болгон", - деп билдирди ал.