Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети "Геодезия, картография жана мейкиндик маалыматтары жөнүндө" мыйзам долбоорун карап чыгып, үчүнчү окууда кабыл алды.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов билдиргендей, бул мыйзам долбоору тиешелүү документтерди жана бүтүндөй геосистеманы санариптик форматка өткөрүүнү көздөйт.