Колумбиядагы зилзала: Белгилүү ырчы Шакира 10 мектепти калыбына келтирет

Дүйнө 139 19 Август 2026 14:30
article_45_shakira-vozvraschaet-futbolu-golos-dai-dai-stala-ofitsialnoy-pesney-chm-2026_1778909981.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Колумбиялык белгилүү ырчы Шакира жер титирөөдөн катуу жабыркаган Чоко департаментине барып, 10 мектепти калыбына келтирүүгө жардам берерин билдирди. Бул тууралуу ABC7 Los Angeles басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Шакира ошондой эле жер титирөөдөн олуттуу жабыркаган Чокодогу технологиялык университетти калыбына келтирүүгө жеке колдоо көрсөтөрүн айтты.

Мектептерди калыбына келтирүү иштерине америкалык филантроп Ховард Баффеттин фонду да катышат. Ал Шакира негиздеген Fundación Pies Descalzos кайрымдуулук уюму менен биргеликте иш алып барат. Уюм Чоко аймагында 22 жылдан бери билим берүү долбоорлорун ишке ашырып келет.

Белгилей кетсек, 10-августта Колумбиянын батышында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, 300дөн ашуун адам каза болуп, 426 адам дайынсыз болууда.

Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн жакыр аймактарынын бири болгон Чоко департаментинде жайгашкан. Аймакта миңдеген үйлөр кыйрап, жүздөгөн билим берүү мекемелери жабыркаган.