Колумбиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 200дөн ашты

Дүйнө 12 август 2026 11:50
Колумбиядагы жер титирөөдө каза тапкандардын саны 200дөн ашты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Колумбиядагы 7,4 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 224кө жетти. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн эң катуу жабыркаган аймактарында издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эң көп курмандыктар Калиде катталган — 95. Перейрада — 72 адам, Валье-дель-Каука департаментинде — 38 жана Чокодо 13 адам каза болгон.

Куткаруучулар, полиция, аскер кызматкерлери жана ыктыярчылар урандыларды тазалап, аман калгандарды издөөнү улантууда. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.

Белгилей кетсек, жер титирөө 10-августта Колумбиянын батышында катталган. Колумбиянын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, анын магнитудасы 7,4 балл болгон. Очогу Чоко департаментиндеги Сан-Хосе-дель-Пальмар муниципалитетинин жанында жайгашкан.

Жер титирөөлөр Кали, Перейра жана Манизалес сыяктуу бир нече шаарлардагы имараттарга зыян келтирди.