Колумбияда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 09 Июнь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-06-09 at 09.23.50.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 09.06.25 /Кабар/. Кечээ, 8-июнда Колумбияда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) сайты маалымдаганын Извести.ру жазды.

Жер титирөөнүн борбору Вильявисенсио шаарынан түндүк-чыгышты карай 66 чакырым аралыкта жайгашып, очогу 9 чакырым тереңдикте болгон.

Маалыматка ылайык, зилзала өлкөнүн бир катар шаарларында, анын ичинде борбор шаар Боготада да сезилген. Азыркы учурда Боготада эвакуация иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылат.