Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Колизейде эки миң жылдай жабык турган “Коммод коридору” деп аталган жер алдындагы өтмөк жол ачылды. Бул тууралуу РБК кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, бул коридор рим императорлоруна амфитеатр аренасына түз түшүп, гладиаторлордун уруштарын жана башка спектаклдерди элден оолак көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп келген. Анын салтанаттуу ачылышы өтүп, конокторго көргөзмө форматында сунушталды.
Коридор XIX кылымда археологдор тарабынан табылган. Ошол жерде император Коммодго кол салуу аракеттери болгондуктан изилдөөчүлөр аны (биздин замандын 180–192-жылдары) менен байланыштырып, атын беришкен.
Археологдор белгилешкендей, жол Колизейдин негизинде I кылымдын аягы II кылымдын башында курулган. Алгач дубалдар мрамор менен капталып, кийинчерээк пейзаждар менен кооздолуп, мифологиялык көрүнүштөр чагылдырылган.
Келген коноктор коридорду баштапкысындай көрө алышы үчүн виртуалдык реконструкция түзүлүп, археологиялык паркта видеоролик түрүндө көрсөтүлөт.