Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Көк бөрү жана көкпардын финалдык беттешинин билеттеринин акчасын кайтарууга табыштамалар кабыл алынат. Бул тууралуу Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Улуттук электрондук билет системасы аркылуу көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге жалпысынан 7 миң билет сатылган.
Анын ичинен 4 409 билет валидациядан өткөн, 2 591 билет валидациядан өтпөй калган.
Сатып алган билеттерин пайдалана албай калган жарандар акча каражаттарын кайтарып алуу үчүн 20-сентябрга чейин, ошол күндү кошкондо, табыштама бере алышат.
Табыштама төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
Табыштамада төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:
- арыз ээсинин аты-жөнү;
- байланыш телефону;
- тапшырыктын же билеттин номери;
- билеттин пайдаланылбай калышынын жагдайлары.
Ошондой эле электрондук билет жана төлөм жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документ — чек, квитанция, электрондук төлөмдү ырастоочу же башка тиешелүү документ тиркелүүгө тийиш.
“Ар бир табыштама жекече тартипте каралат. Текшерүү учурунда билеттин Улуттук электрондук билет системасы аркылуу сатылып алынгандыгы, анын статусу, валидациядан өтүшүнүн жыйынтыгы, төлөм тууралуу маалыматтар жана арыз ээси көрсөткөн жагдайлар эске алынат. Зарыл болгон учурда кошумча документтер же маалыматтар талап кылынышы мүмкүн. Билеттин валидациядан өтпөй калгандыгы акча каражаттарын автоматтык түрдө кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт. Кайтарып берүү жөнүндө чечим берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат”, - деп белгилешти министрликтен
Ошондой эле 20-сентябрдан кийин келип түшкөн табыштамалар кароого кабыл алынбай тургандыгы жана акча каражаттарын кайтарып берүү укугу ырасталган табыштамалар боюнча төлөмдөр 5-октябрдан кечиктирилбестен жүргүзүлөрү да айтылды.