Кочкордогу сел: Чабандарга азык-түлүк жана отун жеткирилди

Спорт Жүктөлүүдө... 07 Июль 2026 17:50
738638691_122177068334908124_3782048819023455172_n.jpg
740286296_122177068370908124_1300230882296597257_n.jpg
740659557_122177068358908124_5496881368006743923_n.jpg
741112907_122177068322908124_7659605548008234814_n.jpg
Алдыга
Артка
738638691_122177068334908124_3782048819023455172_n.jpg
740286296_122177068370908124_1300230882296597257_n.jpg
740659557_122177068358908124_5496881368006743923_n.jpg
741112907_122177068322908124_7659605548008234814_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Кочкор районунда 2-июль күнү катуу жааган жаандын кесепеттерин жоюу жана селден жабыркаган тургундарды колдоо боюнча иштер активдүү уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Соң-Көл жайлоосунун Чоң-Акташ участкасында жашаган чабан С.Казмиевге азык-түлүк жана кургак отун жеткиришти.

Ошондой эле Көл-Үкөк жайлоосундагы Тес-Төр көпүрөсүн сел суусу алып кеткендиктен, каттамы үзүлгөн чабандар да азык-түлүк менен камсыз болду. Мындан сырткары, Семиз-Бел айылынын Сары-Чат участкасында селден жабыркаган тургун С. Иманкуловго азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Куткаруучулар Кара-Суу, Чолпон жана Кум-Дөбө айыл аймактарына караштуу жайлоолордогу абалды жеринен текшеришти. Мониторингдин жыйынтыгында аталган аймактарда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу кошумча көйгөйлөр катталган эмес.