Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Бүгүн кечинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 22:10го карата шаардагы 20 турак үйдүн ичине сел суулары киргени аныкталган. Учурда жеринде тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштер жүрүүдө.
Кырсык болгон аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде жалпы 113 адам, 15 инженердик техника жана 10 мотопомпа тартылды.
Тартылган күч жана каражаттардын курамы:
- Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн: 21 куткаруучу, 2 мотопомпа;
- Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн: 23 куткаруучу, 4 мотопомпа;
- Майлуу-Суу шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн: 26 куткаруучу, 4 мотопомпа;
- Ноокен райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан: 43 кызматкер жана 15 даана инженердик техника.
Учурда куткаруучулар сел сууларын сордуруп, үйлөрдүн айланасын тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат. Кошумча маалымат берилет.