Кочкор-Ата, 11.09.26. /Кабар/. Кочкор-Атадагы “Нефтчи стадионунда Кыргызстандын Премьер-лигасынын 23-турунун алкагында “Нефтчи” футбол клубу менен “Азияголдун” ортосундагы беттеш өтүүдө.
Оюнду көрүүгө күйөрмандар көп келди. “Нефтчинин” күйөрмандары адаттагыдай эле өз командасын жигердүү колдоп, стадиондо өзгөчө маанай жаратууда.
Командалар ушул сезондо буга чейин да кездешкен.
Беттештин алдында “Нефтчи” турнирдик жадыбалда 26 упай менен 11-орунда, ал эми “Азиягол” 21 упай менен 14-орунда турат.