КНС төлөбөгөндөр эми онлайн көрүнөт: Президентке "Салык Күзөт" тутуму тааныштырылды

Президент 1269 27 Январь 2026 14:14
photo_5458654905393417498_w.jpg
photo_5458654905393417497_w.jpg
photo_5458654905393417496_w.jpg
photo_5458654905393417495_w.jpg
photo_5458654905393417494_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5458654905393417498_w.jpg
photo_5458654905393417497_w.jpg
photo_5458654905393417496_w.jpg
photo_5458654905393417495_w.jpg
photo_5458654905393417494_w.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.

Салык кызматынын төрагасы мамлекет башчысына салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын негизги элементи катары "Салык Күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди.

Алмамбет Шыкмаматов бул система ишке киргизилгенге чейин МСК кызматкерлери бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болгонун белгиледи. Эми бардык маалыматтар бир платформага топтолду.

Ал ошондой эле Садыр Жапаровго жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аймактар, райондор жана шаарлар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө токтолду. Тутум онлайн режиминде КНС төлөбөгөн компанияларды да көрсөттү.

Жолугушуунун соңунда президент МСК төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго "Салык Күзөт" платформасын мындан ары жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системалуу иш алып баруу, ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.