Күнүнө миң куб бетон аралашмасын даярдайт. Айдаркенде бетон заводу курулду

Аймак 11 Ноябрь 2025 15:44
577069480_1374562364037215_8109613483164531827_n.jpg
580481063_1374562350703883_7856274700534609374_n.jpg
580487314_1374562324037219_7841324434253455608_n (1).jpg
577733900_1374562384037213_8815065083185896747_n.jpg
577930628_1374562390703879_1895979315946756939_n.jpg
580556352_1374562404037211_4396793534264792661_n.jpg
580487314_1374562324037219_7841324434253455608_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Баткен облусундагы Айдаркен шаарында таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев бүгүн заводдун тесттик режиминдеги иши менен таанышты.

Муниципалдык ишкана суроо-талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагыл, 1000 куб метр бетон аралашмасын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 32 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом жумшалган.

Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болот.