Күндүн Жерге көрүнбөгөн тарабында ири активдүү борбор пайда болду

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2026 12:30
WhatsApp Image 2026-05-19 at 09.58.38.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институту жана Күн‑Жер физикасы институтунун окумуштуулары Күндүн Жерден көрүнбөгөн арткы тарабында өтө чоң активдүү аймак пайда болгонун билдиришти. Бул тууралуу Интерфакс жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда бул аймакка ”Solar Orbiter“ космостук аппараты байкоо жүргүзүүдө. Адистердин айтымында, бул акыркы жылдардагы эң кооптуу күн активдүүлүгүнүн борборлорунун бири болушу мүмкүн.

Окумуштуулар мындай көрүнүш 2024-жылдын май айынын биринчи жарымында да катталганын эске салышты. Анда Күндө болгон күчтүү жарылуулар Жерге таасир этип, акыркы 20 жылдагы эң кубаттуу геомагниттик бороонду жараткан.

Адистердин түшүндүрмөсүндө, Күн өз огунун айланасында толук бир айланып чыгышы үчүн болжол менен төрт жума талап кылынат. Ошондуктан азыркы активдүү аймак болжол менен бир жумадан кийин Жер тарапка бурулуп, көрүнө баштайт. Ал эми дагы бир жума өткөн соң Жерге түз караган эң кооптуу чекитке жетиши мүмкүн.

Ошол эле учурда окумуштуулар эки жума ичинде Күндөгү тактардын абалы толугу менен өзгөрүп кетиши ыктымал экенин белгилешти. Бул аралыкта алар күч алып, бир нече жаңы жарылууну жаратышы же таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн.