Күн тутулуу: Исландия менен Испанияда мейманканалардын баасы эки эсеге өстү

Дүйнө 22 11 Август 2026 17:25
104668761_3047496121994003_21807922812602176_n.jpg

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. 12-августта Европанын аймагынан кылымдагы биринчи толук күн тутулуусу байкала тургандыктан, Исландия жана Испаниянын айрым шаарларында мейманканалардын баасы кескин жогорулады. Бул тууралуу БелТА жазды.

Исландиянын борбору Рейкьявикте күн тутулган түнү мейманкана бөлмөлөрүнүн баасы 1 миң доллардан ашып, былтыркыга салыштырмалуу 140%га чейин өскөн. Испаниянын Ла-Корунья шаарында баалар эки эсеге жогоруласа, Бильбаодо 59%, Сантьяго-де-Компостелада 31% өскөн.

Испаниянын өкмөтү күн тутулуу өлкөнүн туризм тармагына кошумча 342 млн евро киреше алып келет деп болжолдоодо. Күн тутулуу Борбордук Европа убактысы боюнча 12-августта саат 17:35те башталат.