Күмүштүн баасы 49 доллардан ашты — 2011-жылдан бери биринчи жолу

Дүйнө Загрузка... 09 Октябрь 2025 16:55
serebro.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Comex биржасында (Нью-Йорк соода биржасынын бөлүмү) 2025-жылдын декабрына карата күмүш фьючерстеринин баасы 2011-жылдын 29-апрелинен бери биринчи жолу троя унциясы үчүн 49 доллардан жогору көтөрүлдү.

Москва убактысы боюнча саат 18:05ке карата баалуу металлдын баасы 2,91% жогорулап, троя унциясы 49,04 долларды түздү. Москва убактысы боюнча саат 18:20да күмүштүн баасы бир унция үчүн 48,78 долларга чейин басаңдады (2,36% өстү). Жыл башынан бери баалуу металлдын баасы 67,43%, октябрдын башынан бери 3,66% кымбаттады.

Ошол эле учурда, Comex биржасында 2025-жылдын декабрь айына карата алтын фьючерстери 4 062,2 долларды түздү (1,35% өстү).