КМШга 35 жыл. Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына эксклюзивдүү маек берди

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Март 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттер аралык “Мир” телерадиоберүү компаниясына эксклюзивдүү маек берди. Маек Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) 35 жылдыгына карата уюштурулду.

Мамлекеттер аралык “Мир” телерадиоберүү компаниясынын төрагасынын орун басары Ирина Флюр менен болгон баарлашууда министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарып, макроэкономикалык туруктуулукка жана ИДПнын туруктуу өсүшүнө жетишкендигин белгилеп, 2026-жылга карата амбициялуу пландары менен бөлүштү.  

Адылбек Касымалиев фискалдык реформалар, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана өлкөнүн жакынкы келечекте өнүгүүсүнө түрткү бере турган ири инфраструктуралык долбоорлорго токтолуп, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизги факторлорун ачыктады.

Баарлашууда ошондой эле республиканын туристтик потенциалы тууралуу сөз болду. Минкаб төрагасы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жана заманбап лыжа базаларын куруу, экотуризмди өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу иштери жүргүзүлүп жатканын айтып берди. Ал белгилегендей, өлкө КМШ жана андан тышкары өлкөлөрдөн саякатчыларды тартуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги тейлөө стандарттарын түзүүгө умтулат.

Маекте жеке маселелер боюнча да темалар козголду. Анда, Адылбек Касымалиев балык уулоодон алган таасирлери менен бөлүшүп, шыктандыруунун жана энергиянын негизги булагы катары таза абада машыгууларын атады.

Иш-чаранын алкагында Адылбек Касымалиев менен мамлекеттер аралык “Мир” телерадиоберүү компаниясынын төрагасы Радик Батыршиндин жолугушуусу болду. Жолугушууда маалымат чөйрөсүндөгү мындан аркы кызматташуу жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук байланыштарды жана бирдиктүү маалымат мейкиндигин бекемдөөдө телерадио компаниянын ролу талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен болгон маекти толугу менен үстүбүздөгү жылдын 20-мартында “Мир” жана “Мир 24” телеканалдарынан көрсөңүздөр болот.