КМШ өлкөлөрүнүн ЖМКлары туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүшү керек — ТАСС — Кабар

КМШ өлкөлөрүнүн ЖМКлары туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүшү керек — ТАСС

Коом 30 август 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-08-30 at 09.07.06.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары туризмди өнүктүрүүдө мамлекеттерге көмөктөшүп, биргелешкен маалыматтык аянтчаларды түзүшү керек. Бул тууралуу Россиянын ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңешинде билдирди.

Анын айтымында, КМШ мейкиндигинде ЖМКларды бириктирген мындай форматтагы кызматташтык үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар. Улуттук маалымат агенттиктеринин ортосунда тарыхый байланыштар сакталып, кесиптик жакындык кызматташууга өбөлгө түзөт.

“Биз бири-бирибизге кесиптик чөйрөдө гана жардам бербестен, мамлекеттерибиз үчүн маанилүү болгон багыттарда да кызматташуубуз керек. Бүгүнкү күндө алардын бири — туризм”, — деди ал.

ТАССтын директору КМШ өлкөлөрүндө туристтик мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгилеп, аларды бири-биринин аудиториясына кеңири таанытуу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө токтолуп, өлкөдө инфраструктуралык долбоорлор жана курулуштар активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

Анын пикиринде, Ысык-Көлдүн азыркы көрүнүшү бир нече жыл мурдагыга салыштырмалуу кыйла өзгөргөн.

“Кыргызстанда чоң инфраструктуралык долбоорлор жана курулуштар жүрүп жатыптыр. Мисалы, Ысык-Көлдүн жээктерин алсак, мурунку жылдарга караганда таптакыр башкача болуп калыптыр. Өлкө өнүгүп, өзгөрүп жатканы даана көрүнүп турат. Бул жакшы көрүнүш. Мунун баары каржынын эсебинен гана эмес, элдин өзүнүн аракети менен да болуп жатат. Кыргызстанда жашаган адамдар өлкөсүнүн өзгөрүп жатканын көрүп, буга өздөрү да кубанып жатканы байкалып турат. Биз да буга кошулуп кубанычтабыз”, — деди Кондрашев.