КМШ маалымат агенттиктерине Евразияда бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү сунушталды — Кабар

КМШ маалымат агенттиктерине Евразияда бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү сунушталды

Коом 30 август 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-08-30 at 08.19.40.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат агенттиктерине Евразия боюнча саякаттар тууралуу бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү сунушталды. Бул демилгени КМШнын Аткаруу комитетинин маалымат жана маалыматташтыруу бөлүмүнүн башчысы Игорь Григорьев Ысык-Көлдө өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин 35- жыйынында билдирди.

Анын айтымында, туризм экономиканын маанилүү тармагы гана эмес, өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөнүн натыйжалуу жолу болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө туризм экономиканын маанилүү тармагы гана эмес. Ал адамдардын баарлашуусунун, бири-бирин таанып-билүүсүнүн жана мамлекеттердин ортосунда ишенимди бекемдөөнүн эң табигый формаларынын бири. Туризм көп жагынан ишеним экономикасы болуп эсептелет. Адам башка өлкөгө аны түшүнүктүү жана кызыктуу мамлекет катары кабыл алган учурда саякаттоону чечет” — деди Григорьев.

Буга байланыштуу ал КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин ортосунда туристтик маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну сунуштады.

“Биринчи кезекте текшерилген туристтик контентти — тексттерди, сүрөттөрдү, видеоматериалдарды, инфографикаларды, маанилүү окуялардын календарын жана кыскача маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашуу зарыл.
Туристтик маалыматтарда борборлор жана белгилүү туристтик жайлар менен гана чектелбестен, чакан тарыхый шаарларга, жаратылыш аймактарына, улуттук парктарга, кол өнөрчүлүккө жана жергиликтүү маданий салттарга да көңүл бурганыбыз жакшы. Бул туристтик сапарлардын географиясын кеңейтүүгө жана адамдарга кеңири белгилүү боло элек кызыктуу багыттарды таанытууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, бул иштерди уюштуруу үчүн КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин сайтынын базасында туристтик материалдарды алмашуунун туруктуу механизмин түзүүгө болот.

“Бул багытта жооптуу редакторлорду жана координаторлорду аныктап, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашууну жолго коюу маанилүү. Мамлекеттер аралык жана чек араларды кесип өткөн туристтик маршруттарды биргелешип таанытууну сунуштайм. Мындай багыттардын көбү табигый түрдө бир нече мамлекетти байланыштырат. Алардын катарында Улуу Жибек жолу, Евразиянын байыркы шаарлары, тоолуу жаратылыш маршруттары, православдык, исламдык жана буддисттик мурастар, салттуу кол өнөрчүлүк, санатордук-курорттук жана ден соолукту чыңдоочу туризм бар” — деди ал.

Григорьев андан сырткары, саякатчылар үчүн практикалык маалыматтарды биргелешип даярдоону жана эл аралык туристтик маршруттар боюнча пресс-экспедицияларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле “Саякаттагы Евразия” аттуу биргелешкен маалыматтык долбоор түзүү сунуштап, ал туризмди өнүктүрүүгө жана КМШ өлкөлөрүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытуучу багытталары белгилеп өттү.