Ысык-Көл, 30.08.26 /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү шериктештикке кирген мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кеңешинин 35-отурумунда билдирди.
Анын айтымында, туризм экономиканын маанилүү тармагы гана болбостон, маданий жана руханий байланыштарды чыңдоонун натыйжалуу куралы болуп саналат.
“Заманбап туристтик тармак — бул экономикалык багыт гана эмес, албетте, анын экономикалык мааниси да чоң. Ошол эле учурда туризм адамдардын бири-бири менен таанышып, бири-бирин таанып-билүүсүнө, достошуусуна, жалпы тарыхый тамырларын жана келечегин көрө билүүсүнө шарт түзгөн өзгөчө руханий инструмент”, — деди Кондрашов.
Ал КМШнын туристтик потенциалын өнүктүрүү темасынын актуалдуулугу Кыргызстанда ири эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
“Жыйын өтүп жаткан жердин кереметтүү шарттары, меймандостук атмосферасы жана бул жерде дээрлик бир убакта өтө турган масштабдуу иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — биз талкуулоо үчүн тандаган негизги теманын канчалык актуалдуу экенин далилдеп турат” — деди ал.
Кондрашов ошондой эле жыйындын Ысык-Көлдө өтүп жатышынын символдук маанисине токтолду. Анын айтымында, мындан 40 жыл мурда дал ушул жерде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көл форуму уюштурулуп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн көрүнүктүү интеллектуалдар жана маданият ишмерлери чогулган.
“Мындан 40 жыл мурда Айтматов ар кайсы өлкөлөрдөн көрүнүктүү интеллектуалдарды жана чыгармачыл инсандарды алгач ирет чогулткан Ысык-Көл форумунун жергесинде бүгүн сиздер менен бирге биздин жыйындын өтүп жатканына абдан кубанычтамын” — деп баса белгиледи жетекчи.
Ошондой эле ал жогоруда аталган 35-отурумун уюштурууга салым кошкон “Кабар” агенттигинин жамаатына ыраазычылык билдирип өттү.