Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Күмүш кымбаттады.
РИА Новости маалымдагандай, дүйшөмбү күнү күмүштүн баасы 2 пайызга өстү.
2012-жылдын февраль айынан бери анын баасы 37 доллардан ашты.
Эксперттердин баамында, күмүш өнөр жай тармагында кеңири колдонулуп жаткандыгына байланыштуу баасы өсүүдө.
Ал эми Нью-Йорктогу биржада алтындын баасына 8,2 доллар кошулуп, унциясына 3554,8 долларды түздү.