КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны тарыхый доордо өтүүдө - Данияр Сыдыков

Саясат Загрузка... 05 Июнь 2025 19:28
WhatsApp Image 2025-06-05 at 14.31.11.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.06.25. /Кабар/. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны тарыхый доордо өтүп жатат. Мындай пикирин КР толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, КМШ мамлекеттеринин кызматташтыгы бул тарыхый байланышы бар кызматташтык. Себеби, биздин тарыхыбыз, элибиз, түшүнүгүбүз, идеологиябыз бир.

“КМШга мүчө коңшу мамлекеттер ортосунда маанилүү иштер аткарылууда. Акыркы 2-3 жылдын ичинде Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Быйыл Тажикстан менен да чек ара толук такталып бүттү. Худжанд шаарында үч тараптуу саммит өттү. Мында президенттер өлкөлөр аралык достук, ынтымак деген эмне экенин, ыктыярдык саясий духун көрсөтүштү”,- деди Сыдыков.

Элчи белгилегендей, мында Борбор Азиянын кызматташтыгы гана эмес, КМШ мамлекеттеринин кызматташтыгына да чоң салым кошулуп, саясий эл аралык аренада шериктеш мамлекеттердин саясий ролу, орду жогорулады.

“Бүгүнкү күндө КМШга мүчө ар бир мамлекет өзүнчө ар башка эл аралык уюмдардын мүчөлөрү. Бирок, ошого карабастан бир келишимге таянсак, КМШ мамлекеттеринин ар биринин жоопкерчилиги жана милдеттери бар. Тажикстан мамлекети өткөн жылы төрагалыкты кабыл алганда, КМШ мамлекеттери негизинен экономикалык, соода-сатык кызматташтыкка көбүрөөк басым жасарын, 131ден ашык иш-чаралар бар экендигин жарыялаган”,- деди Данияр Сыдыков.

Белгилей кетсек, кызматташтыкта биринчи Тышкы иштер министрлигинин, андан кийин өкмөт башчыларынын, кийинки жогоркусу болуп өлкө башчыларынын кеңешмеси эсептелет.

“Мисалы, ТИМ көбүнчө саясий жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдеп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тиешелүү чечимдерге алып келет. Өкмөт башчылары көбүнчө экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, тоскоолдуктарды жокко чыгарууга аракеттерди жасап, тиешелүү чечимдерди президенттердин деңгээлине көтөрө турган шарт түзөт”,- дейт ал.

КМШнын түзүлүү хроникасына токтолсок, 1991-жылы 8-декабрда “Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтык уюмун түзүү жөнүндө” Беловеж келишими түзүлгөн. Көп өтпөй 13-декабрда СССРдин курамына кирген, Борбор Азиядагы 5 мамлекет башчылары Ашхабадда бул уюмга кирүүнүн шарттарын талкуулоо үчүн Алматыда жолугушууну белгилешкен. Андан кийин 1991-жылы 21-декабрда 11 мамлекеттин башчылары КМШны түзүү жөнүндө Алматы декларациясын кабыл алышкан. Андан бери бул уюмдун алкагында 100дөн ашык ар кандай келишим, документтерге кол коюлуп, кызматташтыктын деңгээли өсүүдө.