Көмүр казуудагы мыйзам бузуу: Лейлекте 201,5 млн сомдук зыян аныкталды

Аймак Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 12:20
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Лейлек районундагы токой чарбасынын аймагында мыйзамсыз көмүр казуу иштеринен мамлекетке 201 млн 556 миң сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош экологиялык прокуратурасы табарынан текшерүү жүргүзүлүп, "К-А" жана "К-А П" ишканалары бөлүнүп берилген жер тилкелеринен тышкары 100 миң чарчы метрден ашык токой жеринин кыртышын бузуп, ири көлөмдөгү өндүрүш калдыктарын төккөнү жана жаратылышты пайдалануу үчүн төлөмдөрдү төлөбөгөнү белгилүү болгон.

Натыйжада токой жерлерине 66 млн сомдон ашык зыян келтирилип, бюджетке 135 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.