ӨКМдин Куткаруу отрядында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Спорт Загрузка... 09 Июль 2026 10:10
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жаңы футбол аянтчасы ачылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага министр Канатбек Чыныбаев катышып, куткаруучулар арасында өткөн футбол турниринин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Министр спорт куткаруучулардын физикалык даярдыгын чыңдоодо жана кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.

Мындан сырткары, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Алсак, имараттар жаңыланып, заманбап видеокөзөмөл камералары орнотулду. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматкерлери үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, жаңы жабдыктар жана керектүү инвентарлар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.