Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. АКШда өтүп жаткан футбол боюнча клубдук дүйнө чемпионатынын 1/8 финалынын жыйынтыгы чыкты. Оюндар 28-июндан 2-июлга чейин болду.
Чемпионат маалымдагандай, эми турнирдин 1/4 финалында 8 клуб оюн улантат. Алардын ичинде “Палмейрас” (Бразилия), “ПСЖ” (Франция), “Бавария” (Германия), “Челси” (Англия), “Боруссия” Дортмунд (Германия), “Флуминенсе” (Бразилия), “Реал” Мадрид (Испания) жана “Аль-Хиляль” (Сауд Аравия) бар.
Чейрек финалда ойной турган жуптар:
“Флуминенсе” — “Аль-Хиляль”
“Палмейрас” — “Челси”
“ПСЖ” — “Бавария”
“Реал” Мадрид — “Боруссия” Дортмунд.
Белгилей кетсек, футбол боюнча клубдук дүйнө чемпионаты АКШда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт.