Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда улуттук ат оюндары боюнча кызуу таймаштар өттү.
Анын ичинде жорго салыш, кунан чабыш, кыска аралыкка кунан чабыш, аламан чабыш жана бышты жорго боюнча мелдештер уюштурулду.
Күлүктөрдүн дүбүртү жаңырып, чабандестердин чеберчилиги жана аттардын ылдамдыгы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Трибунага чогулган күйөрмандар өздөрү колдогон күлүктөрдү кызуу сүрөштү.
”Кабар” улуттук маалымат агенттигинин сүрөтчүсү ат оюндарынын эң кызыктуу жана таасирдүү ирмемдерин сүрөткө түшүрдү.