Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Мөңгүлөрдүн тез эришине жана калдык муздардын активдешүүсүнө алып келген климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Чүй жана Талас дарыяларын камсыз кылган аймактарда суу ресурстарынын 28-53 пайызга көбөйүшү байкалган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцева "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, институттун лабораториясы тарабынан жер үстүндөгү дарыя агымдарды тактоо иштери жүргүзүлүп, Чүй жана Талас бассейндеринде дарыя агымынын көбөйгөндүгү аныкталган.

"Бул изилдөө климаттын өзгөрүшүнүн дарыя агымына тийгизген таасирин толугу менен көрсөтүп турат. Температуранын жогорулашына байланыштуу жылуу мезгилдин узарышынын натыйжасында жылдын апрель-май жана июль-август айларында топтолгон жылуулук мезгилдик кардын жана мөңгүлөрдүн эрүүсүнө алып келүүдө. Кар жана мөңгүлөр эриген мезгилде дарыялардагы суу агымы мурдагыдай кескин көбөйбөй, кургакчылык мезгилинде тескерисинче өтө азайып кетпей сакталуусу байкалат. Вегетация мезгилинде жылдан жылга суунун агымынын айырмачылыгы көбүрөк байкалууда. Мөңгү-кардан келген суулар менен толукталган дарыялар үчүн суу көп келген жылдардын, ал эми кардын суусу менен толукталган дарыялар үчүн суу аз болгон жылдардын өсүшү аныкталууда. Кардын туруктуу катмарынын азайышы кыш мезгилиндеги температуранын жана буулануунун жогорулашынын таасири астында жүрөт. Кышкы жаан-чачындын бир аз өсүшү тоолуу райондордо кардын топтолушун көбөйтпөйт”, - деди Стрижанцева.

Адистин пикиринде ар бир жылдын гидрологиялык режиминин калыптанышы кыш-жаз мезгилинин циркуляциялык шарттарына жараша болот. Кышкы-жазгы жаан-чачынга байланыштуу жылдын жаанчыл же кургакчыл болоору аныкталат. Жазгы аба ырайынын шарттары орто тоолуу аймакта кардын эрте же кеч эришине түрткү берсе, бийик тоолуу аймактарда мөңгүлөрдүн эришин жайлатууну же токтотууну шарттайт.
“Дарыялардын агымынын көбөйүшү жаратылыш кырсыктарынын мисалы, сел, суу ташкыны, суу каптоо, дарыя жээктеринин жырылышы сыяктуу табигый мүнөздөгү коркунучтардын көбөйүшүнө себеп болот. Мында дарыялардагы суунун агымы күчтүү болуп, жылуу мезгилдеги көп жаан-чачындар селдин кайталануусуна алып келет. Мындай табигый кырсыктардан келтирилген зыян чоң болгондуктан, эрте кабарлоо системасын киргизүү, селден коргоочу курулмаларды куруу зарыл”, - дейт изилдөөчү.

Белгилей кетсек, жер бетиндеги суунун көлөмүн түзгөн мөңгүлөр жана карлар Кыргызстандын жалпы аянтынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн ээлейт. Бириккен Улуттар Уюмунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жаткандыктан мөңгүлөрдүн ылдам эришине алып келүүдө.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 2013-2016-жылдарда Кыргызстанда 9 миң 957 мөңгү эсепке алынып, жалпы аянты 6 миң 683 чарчы километрге барабар болгон. Бирок, акыркы жылдары Кыргызстандагы чоң мөңгүлөр ээрип, майдаланып саны өсүп жаткандыгын Стрижанцева тастыктады.

Быйыл апрель айында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн "Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда президент Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн абалы тууралуу айткан.
Мамлекет башчы акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% азайганын, 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилеген.
Бул көрүнүшкө тынчсызданган экологдор мөңгүлөрдү сактап калуу бүгүнкү күндүн башкы талабы экенин айтышууда.

"Мөңгүлөр - биздин улуу мурас жана келечек муундардын жашоосун камсыздаган негизги булак. Өлкө башчысы Садыр Жапаров БУУнун климат боюнча жыйындарында дайыма “Тоолуу мамлекеттерге көңүл буруңуздар. Тоо экосистемасын сактап калалы” деп белгилеп келет. Анткени, тоолор - баарыбыздын байлыгыбыз, жашообуздун өзөгү. Ошондой эле мөңгүлөр, токойлор жана эң башкысы суу ресурстары. Учурдагы климаттын өзгөрүшү мурдагы доктриналар менен концепцияларды кайра карап чыгууга мажбурлап жатат. Мөңгүлөр толугу менен эрип кеткенден кийин эмес, дал азыр чара көрүү зарыл. Тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу, адаптация чараларын көрүү, ага багытталган иш-чараларды өткөрүү - убакыт талабы”, - деди “Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрайымы Анара Султангазиева.
Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоого багытталган иш-аракеттерге токтолсок, "Евразиянын жашыл алкагы" улуттук экологиялык долбоорунун күнөскана комплексинде алдыдагы 15 жылда 7 млрд түп дарактын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Тлеужан Каримов апрель айында жеринде журналисттерге билдирген.

"Кыргызстан Борбор Азиянын “жүрөгү” катары аймакты дээрлик суу менен камсыздап келет. Бирок, акыркы учурдагы экологиянын өзгөрүүсүнө байланыштуу мөңгүлөр тездик менен ээрип жатканы маалым. Бул абалды жөнгө салуу, мөңгүлөрдү сактап калуу максатында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Евразиянын жашыл алкагы" долбоору ишке ашууда. Дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүнөн алынган бактын көчөттөрүн өстүрүп, Кыргызстандын тоолоруна тигебиз. Биздин милдет Кыргызстандын тоолорунда 5 пайыз болгон токойдун аянтын 15 жылда 30-35 пайызга чейин жеткирүү”, - деген долбоордун жетекчиси. Андан тышкары, 2022-жылы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталып, 2030-жылга чейин өлкөдө 90 млн көчөт тигүү планы коюлган.