Көкпар: Кыргызстан Казакстанды 7:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 13:25
Көкпар: Кыргызстан Казакстанды 7:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча Кыргызстан жана Казакстандын курама командалары финалдык беттеште таймашты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы Казакстандын командасын 7:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Эскерте кетсек, чийинге улак төмөнкү катарда аталган Кыргызстандын оюнчулары тарабынан салынды:

  • 1. Русланов Дастан
  • 2. Ниязов Манас
  • 3. Русланов Дастан
  • 4. Эсен уулу Өмүрбек
  • 5. Русланов Дастан
  • 6. Манас Ниязов
  • 7. Бекболот уулу Исхак

Беттеш курч жана кызыктуу өтүп, эки команданын спортчулары ат үстүндө чеберчилигин көрсөтүштү.

Оюндун жүрүшүндө күйөрмандар командаларды кызуу колдоп, ар бир салынган улакка өзгөчө маанай жаралды.

Ат майдандын трибуналарын толтурган көрүүчүлөр беттешке чоң кызыгуу менен күбө болушту.

Учурда сыйлык тапшыруу аземи орун алууда.