Көкпар: Кыргызстан алгачкы беттеште Монголияны ири эсепте утту

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 10:40
2. кок бору.jpeg
1 кок бору.jpeg
3. кок бору.jpeg
Алдыга
Артка
2. кок бору.jpeg
1 кок бору.jpeg
3. кок бору.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабы

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн алгачкы беттеште Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары күч сынашты.

Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын командасы атаандашын 12:1 эсебинде жеңип, мелдешти ишенимдүү баштады.

Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.