Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Көк-Бөрү" аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештер уланууда.
Көчмөндөр оюндарынын мадиа штабынан билдиришкендей, бүгүн, 4-сентябрда көкпар боюнча эки беттеш өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:
- Казакстан — Венгрия: 9:4;
- Өзбекстан — Монголия: 12:1.
Ошентип, бүгүнкү оюндардын жыйынтыгында Казакстан жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.