Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар конушунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча ири коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Көк-Жар айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы Ч.Э. (азыркы учурда Ноокат районунун акими) жана ири жер үлүштөрүнүн ээлери О.С. жана Ж.Т. катышкан коррупциялык схема аныкталды.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ч.Э. жогоруда аталган адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, ири жер үлүштөрүн мыйзамсыз түрдө майда тилкелерге бөлүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатуу иштерин уюштурганы аныкталган. Натыйжада аталган жер тилкелери жарандарга үй куруу максатында сатылган.
Мындан улам Көк-Жар айыл аймагынын №172 контурунда массалык түрдө мыйзамсыз турак жай курулуштары жүргүзүлүп, электр мамылары орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жолдорго шагыл төшөлгөн. Бул мыйзамсыз курулуштардын кесепетинен айдоо жерлердин кыртышына олуттуу зыян келтирилип, мамлекетке 2 млрд сомдон ашык көлөмдө материалдык чыгым келтирилгени аныкталган.
Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматы тарабынан кылмышты жасоого шектелип 1982-жылы туулган Ч.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда Ч.Э. ушул сыяктуу дагы бир нече фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө амалдары улантылууда.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча жалпысынан 12 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттун чечими менен камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.