Көк-Жар айылынын 172-контурундагы 6 га жер мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби Загрузка... 12 Ноябрь 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-11-12 at 12.57.26.jpeg
copyright icon Бишкек шаардык милициясы

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар айылынын 172-контурундагы 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин базар баасы 150 млн сомду түзөт.

Белгиленгендей, тергөө маалында айрым жарандар менен мамлекеттик кызматкерлер коррупциялык схема түзүп, айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып келгени аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында 14 жаранга айып салынып, ал эми И.Ж., Б.А., С.Б., Б.И., О.И. С.Э. аттуу жарандар ыктыярдуу түрдө жалпы аянты 6 гектар болгон, баасы 150 млн сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берген.

Жер тилкелери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берилди.

Тергөө иштери улантылууда.