Тарыхый жеңиш: Кыргызстан көк бөрү боюнча Казакстанды жеңип, чемпион болду

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 11:35
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын жана Казакстандын курама командалары күч сынашты.

Курч жана кызыктуу өткөн финалдык оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курамасы Казакстандын командасын 12:0 эсебинде жеңди.

Беттештин жүрүшүндө эки команданын оюнчулары күчүн, шамдагайлыгын жана жогорку чеберчилигин көрсөтүштү. Финалдык таймашка келген күйөрмандар оюнду кызуу колдоп, ар бир салым өзгөчө маанай менен коштолду.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн жеңиши Көк бөрү аренасындагы күйөрмандардын зор кубанычын жаратты.

Эскерте кетсек, улак төмөнкү катарда аталган оюнчулар тарабынан салынды:

  • 1. Мелисбек уулу Нуржан
  • 2. Кыяз Ниязов
  • 3. Мелисбек уулу Нуржан
  • 4. Оморбеков Байтегин
  • 5. Анарбек уулу Айдаркан
  • 6. Мирбек Муташев
  • 7. Мелисбек уулу Нуржан
  • 8. Кыяз Ниязов
  • 9. Байтегин Оморбеков
  • 10. Кошумбаев Эрназар
  • 11.Мирбек Муташев
  • 12.Анарбек уулу Сейитбек