Көк бөрү жана көкпар: Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 13:55
Көк бөрү жана көкпар: Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүүдө
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көк бөрү” аренасында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүүдө.

Кыргызстандын көк бөрү жана көкпар командалары биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болушту.

Ал эми экинчи орунду Казакстан командасы алып, көк бөрү менен көкпар оюнунан күмүш медаль алышты.

Үчүнчү орунду ээлеген Россия командасы коло медалдарга ээ болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары финалдык беттешке чыгышып, көк бөрү мелдешин 12:0, ал эми көкпарды 7:2 эсебинде Кыргызстан командасы жеңишке жетишти.