Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Көк бөрү улуттук курамасынын улакчысы Сейитбек Анарбек уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы беттештерде атаандаштык күчөп жатканын айтып, алдыда дагы күчтүү оюндар күтүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, ал мелдеште өзүнүн “Полковник” атуу атын минип жатат. Ат айылдагы улак оюндарында көп колдонулуп, улакчы анын мүнөзүн жакшы билет.
“Полковник — өзүмдүн менчик атым. Ага көнүп калгам, мүнөзүн да жакшы билем. Бул чабуулдун аты эмес, көбүнчө коргоочу ат болуп жүрөт. Абалы жакшы жана табында. Саяпкерибиз аттарды жакшы даярдап берди.
Эми алдыга жылган сайын оюндар күчтүү боло баштайт. Эртең Россия менен ойногону турабыз. Андан кийин Казакстан менен беттешебиз.
Кыргызстандын курамасына 24 улакчы тандалып алынган. Оюндун алдында көкпар менен көк бөрүгө тең бөлүндүк. Оюндун эки түрүндө тең жеңишке жетели деп ниет кылып жатабыз”, — деди улакчы.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген. Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.