Бишкек, 02.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстандын жана АКШнын курама командалары беттешти.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы АКШ командасын 16:7 эсебинде жеңип, оюнда жеңишке жетишти.
Беттеш курч жана кызыктуу өтүп, эки команданын спортчулары күчүн, шамдагайлыгын жана ат үстүндө чеберчилигин көрсөтүштү.
Оюндун жүрүшүндө күйөрмандар командаларды кызуу колдоп, ар бир салынган улак өзгөчө маанай жаратты.
Ат майдандын трибуналарына толгон көрүүчүлөр беттешке чоң кызыгуу менен күбө болушууда.