Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары финалдык беттеште таймашты.
Оюнда эки команданын спортчулары ат үстүндө чеберчилигин көрсөтүштү.
Кыргыз улакчылары атаандаштарын 12:0 эсебинде утуп, жеңишке жетишти.
"Кабар" агенттиги оюндун жүрүшүн сүрөттөр менен баяндайт.