Бишкек, 21.03.25. /Кабар/. Грецияда өткөн Эл аралык Олимпиада комитетинин 144-сессиясында Кирсти Ковентри Эл аралык Олимпиада комитетинин 10-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын расмий сайтындагы маалыматта айтылат.
Анда белгиленгендей, Грециянын Коста-Наварино шаарында өткөн жыйында уюштурулган жашыруун добуш берүүдө 97 кишинин 49 добушун алып, 41 жаштагы зимбабвелик Кирсти Ковентри ЭОКтун президенти болуп шайланды.
Эл аралык Олимпиада комитетинин жаңы президенти 8 жылдык мөөнөткө дайындалды.
Кирсти Ковентри 23-июндан кийин кызматка расмий киришет.
Ал мурдагы президент Томаса Бахтын ордуна келет.
Ковентри Эл аралык Олимпиада комитетинин биринчи аял президенти жана Африкадан шайланган биринчи өкүл болуп эсептелет.
Жаңы президент эми 2026-жылы Милан жана Кортинада боло турчу кышкы Олимпиада оюндарын жетектемекчи. Оюндарга 11 ай гана калды.
Ковентри бүгүнкү күндө Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү. 2018-жылдан бери Зимбабвенин спорт, искусство жана эс алуу министри.
Спортчу 5 жолу Олимпиада оюндарына катышып, эки алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль уткан. Суучул карьерасында дүйнө чемпионатында 3 алтын жеңген.