Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кирпичтерди коллекциялаган 87 жаштагы АКШнын жараны Гиннестин рекорддор китебине кирди.
Gazeta маалымдагандай, Клем Рейнкемайер 8882 кирпичти коллекциялап, рекорд жаратты.
Ал кирпичтерди 40 жыл бою чогулткан. Кирпичтердин басымдуу бөлүгү 1870-1910-жылдарга таандык.
Рейнкемайер ар бир кирпичте жашырылган тарых бар экендигин айтат.
Топтолгон коллекциядагы кирпичтердин көпчүлүгү АКШ, Германия, Греция, Ирландия жана Жаңы Зеландиядан алып келинген.
Алардын арасынан эң эле эски делген римдик кирпич мындан миң жыл мурда жасалган.