Киров жана Кемпир-Абад суу сактагычтарына мыйзамсыз тор салгандар кармалды

Экология Загрузка... 07 Июль 2026 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Кемпир-Абад жана Киров суу сактагычтарында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Кемпир-Абад суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз 200 метр синтетикалык тор салып жүргөн жарандар кармалышты. Ошондой эле балык уулоонун эрежелерин бузган башка тургундар аныкталып, аларга 8 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ушундай эле тазалоо иш-чарасы Талас облусундагы Киров суу сактагычында да уюштурулду. Натыйжада суу түбүнөн мыйзамсыз салынган 200 метрден ашуун синтетикалык тор табылып, сыртка чыгарылды жана тийиштүү акт түзүлдү.