Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Талас облусундагы Киров суу сактагычынан кезектеги рейд учурунда жалпы узундугу 600 метрди түзгөн торлор чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, синтетикалык торлор балыктардын эркин көбөйүшүнө тоскоолдук жаратып, суудагы тирүү организмдердин жашоо чөйрөсүнө олуттуу зыян келтирет.
Белгиленгендей, жыл башынан бери аталган суу сактагычта жалпысынан 13 рейд өткөрүлүп, 3050 метр синтетикалык тор жана 250 килограмм таштанды чыгарылган.