Кипр кыргызстандык студенттер үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө даяр

Билим Загрузка... 08 Июнь 2026 16:25
WhatsApp Image 2026-06-08 at 15.48.03.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос Кыргызстан ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушкан учурда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы документтердин кол коюлушун маанилүү кадам катары баалады.

Анын айтымында, кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашууга кол коюу - инвестиция жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берген маанилүү окуя. Ошондой эле ал бул документтер бизнес жана инвестиция үчүн туруктуу жана ачык укуктук-салыктык шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Константинос Комбос билим берүү жана академиялык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

“Акыркы жылдары стипендиялык программалар, университеттер аралык өнөктөштүк жана академиялык алмашуулар активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Анын маалыматына ылайык, акыркы үч жылда Кипр Кыргызстан жарандарына 46 стипендия бөлгөн. Министр Кипр тарап мындан ары да кыргызстандык студенттер үчүн билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө даяр”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгына арналды. Кипр министри бул багыттагы өнөктөштүктү тереңдетүүнү колдой турганын белгилеп, Борбор Азиянын стратегиялык мааниси, анын ичинде соода, транспорт, энергетика жана байланыштуулук тармактарындагы ролу өсүп жатканын баса белгиледи.