Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кипрдин Кыргызстандагы элчиси Кипрос Йоргаллисти кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу алаканы бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.
Улан Примов Кыргызстан Кипр менен ар тараптуу кызматташтыкка кызыкдар экенин белгилеп, өзгөчө энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр-жай жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле бизнес форумдарды уюштуруу жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экенин кошумчалады.
Төрага эки өлкө ортосундагы парламенттик диалогду бекемдөө максатында Жогорку Кеңеште депутаттык достук тобу түзүлгөнүн белгилеп, товар жүгүртүү көлөмү төмөн бойдон калууда деген маселени да көтөрдү.
Элчи Кипрос Йоргаллис Кыргызстандагы кабыл алууга ыраазычылык билдирип, өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясатын жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору бааларын айтты. Ал Кипр Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.