Кийинки Рим папасы ким болушу мүмкүн? Талапкерлердин тизмеси

Дүйнө Загрузка... 22 Апрель 2025 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Күн мурун Рим папасы Франциск 88 жашында эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон. Католик чиркөөсүнүн кийинки башчысы ким боло алат жана ал кандайча шайланат? “Казинформ” маалымат агенттиги талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Католик чиркөөсүнүн кийинки башчысынын кызматына бир нече потенциалдуу талапкерлер бар, анын ичинде:

  • Кардинал Пьетро Паролин (70 жашта, Италия) Ватикандын мамлекеттик катчысы жана Рим папасы Францисктин багытын улантуучу деп эсептелет;
  • Кардинал Фридолин Амбонго Бесунгу (65, Конго Демократиялык Республикасы) – Африка жана Мадагаскар епископторунун конференцияларынын симпозиумунун президенти, өзүнүн консервативдүү көз караштары менен белгилүү;
  • Кардинал Вим Эйк (71, Нидерланды) - мурдагы дарыгер жана ишенимдүү консерватор, буга чейин Рим папасы Францисктин бир катар реформаларына каршы болуп келген;
  • Кардинал Питер Эрдо (72, Венгрия) - ажырашкан жана кайра үйлөнгөн католиктер менен биригүүсүнө жол берүүгө каршы болгон консерватор;
  • Кардинал Луис Антонио Тагл (67, Филиппин) – өзүнүн прогрессивдүү көз караштары менен белгилүү, ЛГБТны жана ажырашкан католиктерди колдоп келет;
  • Кардинал Рэймонд Берк (76, АКШ) ультраконсерватор, буга чейин Рим папасы Францисктин либералдык реформаларын ачык сындап келген;
  • Кардинал Марио Грех (67, Мальта) чиркөөнүн окуусунда инклюзивдүүлүккө басым жасаган орточо талапкер;
  • Болонья архиепископу кардинал Маттео Мария Зуппи (69, Италия) Францисктин Ватикандагы негизги өнөктөштөрүнүн бири.

Католик чиркөөсүнүн башчысы кантип шайланат?

Рим папасын шайлоо - бул байыркы салттарга ылайык өткөн татаал процесс. Ал конклав деп аталат, бул “жабык жолугушуу” дегенди билдирет.

Шайлоо төмөнкү учурларда өткөрүлөт:

- Папанын өлүмү же тактыдан кетиши. Эгерде папа каза болсо же тактыдан баш тартса "Седе Ваканте" мезгили башталат. Тагыраагы, кардиналдарды чакыруу. Кардиналдар коллегиялык отурумда Ватиканда жолугушат. Коллегиялык отурумдун курамында 200дөй кардинал бар, бирок 80 жашка чейинкилер гана добуш бере алат.

Ал жерден кардиналдар Сикстин капелласына киргизилип, добуш берүүнү жашыруун сактоого ант беришет. Эч ким чиркөөдөн чыга албайт жана сыртка маалымат бере албайт.

Добуш берүү

Добуш берүү кол менен жүргүзүлөт. Кардиналдар талапкердин аты-жөнүн кагазга жазышат. Талапкер шайлануу үчүн шайлоочулардын үчтөн экисинин добушун алышы керек. Добуш берүүдөн өтпөй калса, бюллетендер түтүндү кара кылган атайын химиялык зат кошулуп өрттөлөт. Бул папа али тандала элек дегенди билдирет. Папа шайланганда түтүн агарып, анын аты-жөнүн жарыялап, андан соң ал ант берет.

Кардиналга "Сиз шайлоону кабыл аласызбы?" деп суроо узатылат. Эгер макул болсо, папалык ысымды тандайт. Андан соң Ыйык Петр соборунун балконуна чыгып, кардинал: "Хабемус Папам!" — Биздин атабыз бар! деп айтат. Өз кезегинде жаңы папа элге батасын берип, кызматын баштайт.

WhatsApp Image 2025-04-22 at 07.16.28 (1).jpeg

Эске салсак, Рим папасы Франциск буга чейин 14-февралда курч респиратордук инфекция менен Римдеги Гемелли ооруканасына жаткырылган.

Кийин ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Март айынын башынан бери анын абалы жакшырып, 23-мартта ооруканадан чыгарылган.

Ал Пасха майрамында динчилдердин алдына чыгып, Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнүн балконунан кол булгалаган. Муну менен катар ал Украина жана Газадагыларды тынчтыкка чакырган. Бул анын ооруканага жаткырылгандан бери беш жуманын ичинде биринчи жолу эл алдына чыгышы болгон.