Кийим экспорту: 740 ишкер атайын окутуудан өттү

Экономика Загрузка... 05 Март 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-03-05 at 11.29.44.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Учурда кийим экспорту боюнча 740 ишкер атайын окутуудан өттү . Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрликтин тапшырмасы менен кийим тигүү тармагына багытталган ыкчам штаб түзүлгөн. Буга Россия, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу кирген товарларга өзгөчө тартип киргизилиши жана андан улам өлкөдөгү кийим экспортунун тоскоолдукка учурашы себеп болгон.

“Ыкчам штаб учурда министрликтин биринчи кабатында иш алып барууда. Ага Россия өлкөсүнө кийим-кечек жөнөтүүнү каалаган ишкерлер кайрылып, экспорттук жол-жоболорго байланыштуу суроолоруна кеңештерди жана жоопторду ала алышат.

Штаб ошондой эле окутуу семинарларын өткөрүп келет. Буга чейин Бишкек шаарында 11 жана Ош облусунда 2 семинар өткөрүлүп, аларга жалпысынан 740 адам катышкан. Бул сан анын канчалык актуалдуу экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле биз семинарларды сертификациялоо, бажы жана салык органдарынын, Кыргызстандагы “Честный знак” маркировкасынын ыйгарым укуктуу операторлорунун, атап айтканда, “Текшер” долбоорунун өкүлдөрүнүн, салык салуу тармагындагы жана маркетплейс ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адистердин катышуусунда өткөрүп келебиз”,-деп белгиледи ал.