Кичи футбол: Кыргызстандык энергетиктер коңшу өлкөлөрдүн командаларын жеңди

Спорт 08 Апрель 2026 15:20
667067004_938902488734727_5550856438281796787_n.jpg
668093617_938902575401385_3863451064896935412_n.jpg
668052767_938902515401391_2086881724839704809_n.jpg
668604079_938902555401387_4554502774660094840_n.jpg
667599059_938902622068047_7729642842032734699_n.jpg
669690928_938902605401382_1826277790115055808_n.jpg
668454641_938902648734711_8500392520996339913_n.jpg
668376886_938902432068066_4612980178367415728_n.jpg
667850616_938902402068069_8669236857004562702_n.jpg
667329910_938902382068071_8063551488939318322_n.jpg
667189332_938902452068064_5313453085643186100_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. 7–8-апрель күндөрү Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын энергетика тармагынын кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча достук турнири өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстандын энергетиктери өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтө алышты.

Оюнда Кыргызстан Өзбекстандын командасын 4:2 эсебинде утту, ал эми Тажикстандын командасын 5:3 эсебинде жеңди. Эл аралык достук турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын энергетиктери жеңүүчү болду.

Иш-чарада футбол турнирин жыл сайын өткөрүп туруу зарылдыгы баса белгиленди.

"Турнир коңшу мамлекеттердин энергетиктеринин ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүү, сергек жашоо образын жайылтуу, ден соолукту чыңдоо жана командалык биримдикти арттыруу максатында уюштурулду",-деп айтылат маалыматта.